Чүй: Калыбына келтирүү жана кесепетин жоюу иш-чаралары

0
85 просмотров

Азыркы учурда агып келген сууунун кесепетин жоюу боюнча Сокулук районунун аймагында Бишкек-Ош унаа жолун салып жаткан Кытай мамлекетинин ишканасынын 1 даана погрузчик Эдельвейс дачасынын жанынан агып өткөн Сокулук суусунун жээгин бекемдөө иштерин жана Сокулук айылындагы Индустральный көчөсүндө жээк бекемдөө, калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ал эми суунун көлөмүн көзөмөлдөө боюнча Сокулук районунда жайгашкан “Севертрасгаз” филиалы тарабынан 1-даана экскаватор, 1-даана бульдозер, Сокулук суусунда нөөмөткө коюлду жана райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тарабынан Сокулук суусунун көлөмүн көзөмөлдөшүүдө. Азыркы учурда Акпай коктусунан агып түшкөн суунун көлөмү 1 метр куб түшүп жатат.

Сокулук райондук ӨКБнүн куткаруучулары жайлоонун жогору жагында калып калган малчыларга жеринде барып жолугуп, абалдары жакшы экендиги жана тамак-аш менен камсыз болгондугу аныкталды.

Кырсык катталган учурда өзүлөрүнүн турак үйлөрүнөн чыгарылган тургундар өзүлөрүнүн үйлөрүнө кайтып келишүүдө.

Сокулук-Төш-Булак-Шаркыратма жолунун 37- чакырымындагы каптап калган жолду тазалоо боюнча Сокулук районунун №1 Жол тейлөө ишканасы тарбынан, Төш-Булак айылынан өйдө кетүүчү “Белагорка” капчыгайынын жол тилкелерин оңдоп, түзөө боюнча атайын топ жерине чыгышты. Аталган жерде КРнын ӨКМнин алдындагы өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо Департаментинин маниторинг бөлүмүнүн адистери менен биргеликте, Сокулук району боюнча ӨК бөлүмүмүнүн башчысы жеринде иш алып барышууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Print Friendly, PDF & Email

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.