Министр Замирбек Аскаров: “Планга ылайык жүргүзүлүп жаткан табигый кырсыктардан коргоо иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттө жумуштардын аткарылышына жоопкерчилик менен иш алып барууңарды эскертемин”

0
162 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрөт.

 Министр Замирбек Аскаров алгач Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айыл аймагындагы Тору-Айгыр айылына барып, сел сактоочу жай куруу маселесин талкуулады. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Замирбек Жумагазиевдин айтымында, 1997-жылдан баштап узундугу 11033 метр болгон өтмө дамба курулган. 2014-жылы дамбанын 150 метри бекемделип, Сары-Камыш айылынын айдоо жерлерин коргоо үчүн, Ананьев-Балыкчы унаа жолунун 5 чакырымы селден коргоо максатында курулган.

 Министр Замирбек Аскаров селдин коопсуз өтүшү үчүн алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү тапшыруу менен бирге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын 2021-жылга карата иш-мерчемине 200 метр дамба куруу планын киргизүүнү тапшырды.

 Андан соң министр Кош-Көл айыл аймагынын Тамчы айылында жүрүп жаткан сел коргоо иштери менен таанышты. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Замирбек Жумагазиевдин айтымында, учурда суу ташкынынын дамбасында оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Иштин жалпы көлөмү 500 метрди түзөт, учурда жумуш улантылууда.

 “Планга ылайык жүргүзүлүп жаткан табигый кырсыктардан коргоо иштеринин сапатына, ошондой эле белгиленген мөөнөттө жумуштардын аткарылышына жоопкерчилик менен иш алып барууңарды эскертемин” деди министр Замирбек Аскаров.

 Министрдин иш сапарынын максаты региондогу кооптуу делген объекттерди жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Ысык-Көл облусунда иш-сапарда жүрөт. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда. Министрдин иш сапары уланууда.

КР ӨКМ басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.