Отчет МЧС за 12 месяцев 2018 года

0
808 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планына (КРӨТ 2018-ж. 31.01. № 74), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга карата иш-чаралардын планына, Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга (1-этап 2018-2022-жылдарга) концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына (КРӨТ 2018-ж. 29.01 №58),  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (КР ӨКМ) 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын стратегиялык  өнүктүрүүнүн перспективдүү планына, КР ӨКМдин 2018-жылга иш-чаралар планына  жана башка мамлекеттик, мекемелик программалык жана пландык иш кагаздарга ылайык жүргүзүлдү.

Министрлик өзүнүн ишмердүүлүгүндө төмөнкүдөй негизги маселелерди аткарууда коркунучтуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү, жарандык коргонуунун иш-чараларын пландаштыруу, жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоо; Алдын алуу, өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу иш-чараларды өткөрүү; Издеп-куткаруу, кырсыктан-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана өткөрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, алардын масштабына баа берүү.

Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын 12 айында 99 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталды (2017-ж.- 339). Болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 18 адам (2017-ж.-141) курман болду. 2017-жылдын 12 айына салыштырмалуу ӨК саны 70,7 %га азыраак катталды, ал эми курман болгондордун саны 87,2 %га аз болгондугун белгилеп кетүү керек.

Келтирилген материалдык чыгым 2018-жылга салыштырмалуу 15,3 % га көбөйдү, 1 млрд. 214 млн 635 миң  500 сомду түздү (2017-ж. — 1 млрд. 027 млн 427 миң 500 сом).

ӨКнын бардык түрлөрү боюнча салыштырмалуу талдоосу төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар Өзгөчө кырдаалдардын саны Курман болгондордун саны Материалдык чыгым

 (миң сом)

2017 2018 2017 2018 2017 2018
жер титирөө 1 124840,0
кар көчкү 107 32 11 5 8779,2 1844,1
жер алдында суу деңгээлинин көтөрүлүшү 1 1167,9
катуу шамал 17 7 12882,9 23624,9
техногендик чоң өрт 16 11 5 374840,5 972554,0
жер көчкү 69 4 34 66936,7 1494,0
катуу бурганак 2 706,4
калың кар 16 2 10120,1 21542,9
сел 46 27 1 166314,9 157771,2
суу ташкыны 36 3 70665,9 391,0
таш кулоо 1 1 10,0
мөндүр 2 2 2322,9 29962,1
табигый чоң өрт 1 469,5
чоң жол кырсыгы 9 3 52 11 4642,0
адамдардын массалык инфекцияга кабылуусу 4 3 1 27,5
жаныбарлардын массалык инфекцияга кабылуусу 11 3 456,1 339,8
авиа кырсык 1 39 187356,6
Баардыгы: 339 99 141 18 1027427,5 1214635,5

2018-жылы экономикалык обьекттерде, көп кабаттуу турак жайларда, соода жана эс алуу борборлорунда тактап айтканда, Бишкек шаарынынын Ош базарындагы үч жолку өрт, Арзу кафеси, Жалал-Абад щаардык базары, Бостери айылындагы “Борбор” эс алуу борбору, Каракол шаарындагы Ак-Тилек базары ж.б. ири өрт кырсыктарынын кесепеттеринен 436 млн. 228миң 991 сом материалдык чыгымдар келтирилген, ошондой эле  Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда катталган селдердин кесепетинен 157млн.771миң 200 сом материалдык чыгымдар келтирилген.

Республиканын аймагындагы өзгөчө кырдалдардын жана коркунучтуу жаратылыш процесстеринин жайылышы.

Шаарлардын жана облустардын аталышы 2017 2018  
учурлар курман болгондор чыгым учурлар курман болгондор чыгым
Жалал-Абад облусу 153 43 120075,4 42 4 72953,2
Ош облусу 91 35 261793,1 11 1 12424,5
Баткен  облусу 11 135008,1 16 189789,1
Чүй облусу 25 55 207523,8 5 10 6141,7
Талас облусу 7 14685,5 3 727,1
Ысык-Көл облусу 15 6 84159,1 11 2 74245,2
Нарын облусу 25 2 12827,2 5 1435,1
Ош шаары 5 61520,0 1 1
Бишкек шаары 7 129835,3 5 856919,5
Баардыгы: 339 141 1027427,5 99 18 1214635,5

Куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2018-жылдын 12 айында 184 адам куткарылган (2017-жылы 321 адам куткарылган). Жалпысынан 1071 (2017-жылы — 914) адамга жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен 256 адамга дарыгерге чейинки жардам, күтүүсүз жагдайга туш болгон 309 адамга жана 506 адамга үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен.

Өрттүн статистикасы

Республиканын аймагында 4808 (2017-жылы — 4668) өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 843 млн. 621 миң 874 сом (2017-жылы 622 млн. 630 миң 955 сом) материалдык чыгым келтирилген, материалдык чыгым өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 26,1%  көбөйгөн. Өрттүн кесепетинен 59 (2017-жылы — 66) адамдын  өмүрү кыйылган.

Статистика боюнча өрт кырсыктарынын 48%дан көбү турак жай секторунда чыгат. 2018-жылдын ичинде турак жай секторунда 2308 (2017-ж. -2359) өрт кырсыгы катталып мурунку жылга салыштырмалуу 2,2 %га азайган, алар 138 млн. сомдон ашык материалдык чыгым жана  52 адамдын өмүрүн алып кеткен.

 Шашылыш билдирүү

2018-жылдын 12 ай ичинде 78 (2017-ж. -72) шашылыш билдирүү берилди, анын негизинде 21 буйрук, 78 телефонограмма (кар көчкү коркунуч боюнча -26, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсү боюнча-30, суу ташкыны боюнча-8, сел коркунучу боюнча -11, үшүк боюнча-2, ченемден тышкары ысык аба ырайынын күтүлүүсү боюнча -1) чыгарылып, Өкмөттүн облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүндө жана республиканын Жарандык коргонуу кызматтарына жеткирилген. Шашылыш эскертүүлөр бардык республикалык телеканалдар жана FM-радиолор аркылуу калкка жеткирилген.

 Жыл башынан бери 95 СМС (2017-ж. -72) билдирүүлөр уюлдук операторлор (кар көчкү коркунучу боюнча -26, аба-ырайы кескин өзгөрүүсү боюнча -30,  суу ташкыны боюнча -8, сел коркунучу боюнча -11, үшүк боюнча-2, ысык тамак жана жылынуучу пункттар ачылышы боюнча-1, Бишкек-Ош унаа жолунда унаалар өтүүсүнө чектөө киргизүү боюнча – 6, ченемден тышкары ысык аба ырайынын күтүлүүсү боюнча -1, жайкы сезондо суудагы  коопсуздук боюнча-10) аркылуу калкка жеткирилген.

Коркунучтуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуудагы эң приоритеттүү маселелердин бири болуп коркунучтуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жана божомолдоону иш жүзүнө ашыруу болуп эсептелет.

2018-жылдын башында “Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылы мүмкүн болгон кооптуу жараяндар менен кубулуштардын активдешүүсүнүн мониторинги жана божомолдоо” аттуу китеби даярдалып жана басылып чыгарылды. Бул жыл сайын басылуучу басма он бешинчи жолу чыгарылды.

Республика боюнча маалымат камтылган китептен Кыргыз Республикасынын Президентине, Премьер-министрине, КРдин Жогорку Кеңешине, КРдин Коопсуздук Кеңешине, тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго, ӨКМдин жетекчилерине (электрондук вариантта)  берилди.

Андан сырткары облустар жана райондор боюнча божомолдоо материалдарынан, Бишкек, Ош ш. жана 7 административдик облустар боюнча божомолдоо материалдары КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана шаарлардын мэрлерине, ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнө, 40 административдик райондоруна божомолдук материалдар, кооптуу табигый жараяндар менен кубулуштардын мүмкүн болгон активдешүүсүнүн алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды аткаруу үчүн райондордун акимдери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө таркатылып берилди.

Ошондой эле, электрондук варианттагы божомолдук материалдар (дисктерге жазылып) республиканын аймагындагы бардык өз алдынча башкаруу органдарына (айыл аймактарына) таркатылып берилди.

2018-жылдын 12 айында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саныны 1857 түзгөн. Облустар боюнча бөлүнүшүн карасак, эң көп изилдөөлөрдүн саны Жалал-Абад (1231) жана Ош (377)  облустарына туура келип, жалпы изилдөөлөрдүн санынан 86,6% түзөт.

Коркунучтуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга 2018-жылдын 12 айына 2017-жылдын 12 айына салыштырмалуу аткарылган изилдөөлөрдүн саны 60,6% га азайган.

Кубулуштардын түрлөрү жана административдик облустар боюнча аймактардын 2017/2018-жылдардын 12 айына салыштырмалуу бөлүштүрүүсү төмөнкү таблицада.

Кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасында геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана калкты табигый кырсыктардын тобокелдиги жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу максатында                   2013-жылдан бери “Кыргызстандагы жер көчкүлөрдүн бирдиктүү базасын түзүү” боюнча долбоор Жерди изилдөөнүн Борбордук Азиялык институту (ЦАИИЗ) менен биргеликте ишке ашырылып келе жатат. Бүгүнкү күндө Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын аймактарындагы жер көчкүлөрдүн бардык параметрлери боюнча паспорттору түзүлүп каталогго киргизилди.

Кооптуу табигый кубулуштардын түрлөрү Баткен облусу

2017/2018

Жалал-Абад облусу

2017/2018

Ош облусу

2017/2018

Ош шаары

2017/2018

Чүй облусу

2017/2018

Талас облусу

2017/2018

Ыссык-Көл облусу

2017/2018

Бишкек шаары

2017/2018

Нарын облусу

2017/2018

Баары

2017/2018

Жер көчкү 39 27 845 491 565 118 11 3 3 4 1 2 1 9 7 1475 648
Жээк эрозиясы 45 10 34 89 185 113 7 15 5 4 5 17 7 1 9 5 316 230
Сел, суу ташкындоо 38 76 537 461 152 58 6 5 9 5 6 5 16 15 4 18 8 782 632
Кыртыш суулардын каптоосу 5 3 91 39 11 10 4 20 3 6 3 7 4 1 1 13 11 158 71
Жердин чөгүүсү 57 4 1 58 4
Таш кулоо 8 1 42 15 2 1 1 2 3 4 6 59 26
Кардын калың түшүүсү 12 1 12 1
Кар көчкү 15 15 0
Жана башка 27 25 70 135 64 74 20 10 3 1 1 1 3 189 245
Бардыгы: 162 142 1688 1231 994 377 39 16 60 17 16 17 45 30 3 7 56 37 3064 1857

Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ар бир кооптуу участкаларда жашаган үй-бүлөлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертмелер берилип, жер көчкүлөрдүн активдешүүсү күтүлүүчү кооптуу участкалардан көчүрүп чыгаруу боюнча аракеттер көрүлгөндүгүнө карабай, көпчүлүк үй-бүлөлөр кооптуу жерлерде жашоолорун улантууда.

Республика боюнча 31-декабрына карата жалпы 5 243 үй-бүлө көчүрүлүүгө сунушталган. Алардын ичинен:

— ссуда, жер участкасын ала элек жана көчүрүлө элек 2297 үй-бүлө (43,8 %);

— ссуда, жер участкасын алып, бирок көчпөй жашап жаткан 2946 үй-бүлө (56,2 %) түзөт.

Кооптуу табигый жараяндардын көпчүлүгүн болжолдоонун негизин Гидрометеорология агенттигинин жаан-чачындын өлчөмү боюнча, кардуу катмардагы суунун көрөңгөсү, температуранын өзгөрүүсү тууралуу маалыматтары түзөт.

Жылдын ичинде тейленген уюмдарга дарыялардагы суунун жана суу сактагычтардагы алдын алуу жана иш жүзүндөгү маалыматтар, табигый гидрологиялык кубулуштар боюнча билдирүүлөр өз убагында берилген. Дарыялардагы суунун жана суу сактагычтарга суунун кириши боюнча маалымат  сугат маалына, суу тартылган мезгилге, кварталдарга, айларга болжолдоолор, он күндүк жана мезгилдик бюллетендер чыгарылды.

Бардыгы жыл ичинде 431 болжолдоолор жана кеңешүүлөр чыгарылды, анын ичинде болжолдоолордун саны 329.

Узак мөөнөттөгү болжолдоолор:

— сугат мезгилине — 79% түздү,

— сугат мезгилиндеги айларга — 88% түздү,

— суу сактагычтарга суунун кириши — 64% түздү,

— кварталдагы суу сактагычтарга  суунун кириши — 100% түздү;

— суу тартылган мезгилге суу сактагычтарга  суунун кириши — 100% түздү;

Кыска мөөнөттөгү болжолдоолор:

— он күндүк суу сактагычтарга суунун кириши – 100% түздү.

2018-ж. жаз-жай мезгилдеринде республиканын тоолуу жана тоо этегиндеги райондорунда туруксуз аба-ырайына, абанын температурасынын жогорулашына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел коркунучу, жана суунун деңгээли көтөрүлүшү боюнча 19 шашылыш билдирүүлөр чыгарылды, эскертүүнүн сапаты — 89% түздү.

2018-жылдын 12 айында 205 (2017-ж.- 211) коркунучтуу метеорологиялык кубулуштар, анын ичинде 41 жергиликтүү табигый кырсык (туман, зымдарга, дарактарга кар жана муздун  тоңуусу, катуу кар жана катуу шамал) байкалды. Аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү боюнча 32 шашылыш эскертүү чыгарылып, эскертүүнүн сапаты 100% түздү, өткөн жылдын ушул мезгили менен бирдей.

WRF-ARW моделинин параметризациялоо үчүн Кыргызстан аймагында жай мезгилинде туруксуз аба-ырайы байкалган күндөр боюнча метеорологиялык маалыматтар топтоо ишке ашырылып жатат. WRF-ARW моделин параметризациялоо табигый кырсыктар, катуу шамал жана локалдуу нөшөрлүү жаан-чачындын болжолдоолорунун сапатын жогорулатат.

Аймактар боюнча бир күндүк аба-ырайын болжолдоонун сапаты 96%, 2-3-күндүк аба-ырайын болжолдоонун сапаты 93%, Кыргызстан аймактары боюнча 4-5-күндүк аба ырайынын болжолдоосунун сапаты 90% түздү, 2017-жылдын ушул мезгили менен бирдей болду.

Бишкек шаары боюнча аба-ырайын бир күндүк болжолдоонун сапаты 2018-жылы  91%,  2-3 күндүк болжолдоонун сапаты 87%, 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 2%га төмөн болду.

Метеорологиялык посттордон 2018-жылдын январь – ноябрь айларындагы абанын температурасы жана жаан-чачындар жөнүндөгү келген маалыматтарды санариптөөдө. Жүргүзүлгөн байкоолордун жана TM-8 китебине толтуруу сапатын текшерүү жүргүзүлүүдө, 2015-2017-жылдардагы жана 2018-жылдын январынан ноябрь айларына чейинки мезгилде нымдоого түзөтүүлөр киргизилүүдө.

1991-жылдан башталган метеорологиялык архивдик маалымат кайра CliWare маалымат базасына импорттолду, көп жылдык суткалык, декадалык жана айлык маалыматтар CliWare маалымат базасында эсептелинди.

Климат боюнча иш-чаралар: 

Керектөөчүлөрдүн суроо-талабы боюнча маалыматтарды даярдоо жүргүзүлдү. Жалпы 67 маалымат берилди.

Кыргызгидрометтин 1981-2010-жж. аралыгындагы абанын температурасы жана жаан-чачындын декадалык ченемдери даярдалды, 15 метеорологиялык станциялардын 1976-жылдан 1991-жылга чейинки  маалыматтар санариптештирилүүдө.

2017-жыл үчүн негизги метеорологиялык параметрлердин маалыматтар базасы жаӊыланганына байланыштуу 2018-жылдын январь-ноябрь айларында  атайын маалым каттар түзүлүп, КР Өкмөтүнө жана башка кызыккан тараптарга жеткирилген.

2018-жылдын вегетация мезгилинин башталышына карата күтүлгөн топурактын нымдуулугунун запасы жөнүндө жана фенология боюнча төмөнкү божомолдоолор  түзүлгөн:

-2018-жылдагы күздүк эгиндердин күтүлгөн түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы жөнүндөгү  божомолдоо 88% акталды (2017-жылы 94%);

— Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында тыт жыгачынын алгачкы жалбырактарынын ачылыш мөөнөтү (божомолдоо 81% акталган,  өткөн жылы 85%);

— республика боюнча мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (алма) гүлдөө мөөнөтү (божомолдоо 81% акталган, өткөн жылы 82%);

— республика боюнча көп жылдык чөптүн биринчи чабыгынын гүлдөө мөөнөтү (божомолдоо 91% акталган, өткөн жылы 76%);

-республика боюнча күздүк эгиндин бышып жетилүү мөөнөтү (божомолдоо 82% акталган, өткөн жылы 81%);

-пахтанын ачылышы мөөнөтү жөнүндө (божомолдоо 75% акталган, өткөн жылы 79%);

2018-жылдын 12 айында 36 агрометеорологиялык жана гидрологиялык бюллетень чыгарылган. Басма сөз беттерине аба-ырайынын божомолу жөнүндө агрометеорологиялык түшүндүрүү менен 9 материал берилген.  Агрометеорологиялык байкоого 30 станция жана күзөттөр тартылган, байкоо тармагы иштин планына ылайык иштейт.  2017-жылдын “Агрометеорологиялык жылнаамасы” 90% даяр.

  Атмосферанын булгануусу.

Атмосфералык абанын булгануусуна байкоо 5 шаарда жүргүзүлгөн: Бишкек, Кара-Балта, Ош, Токмок, Чолпон-Ата. Алынган сынамдардын анализи Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында жүргүзүлүп анын жыйынтыгы менен шаарлардын аба атмосферасында 5 булгоочу зат бар экендиги аныкталган, алардын ичинен диоксид күкүртү, оксид жана азоттун диоксиди, формальдегид жана аммиак.

2018-жылдын 12 айы боюнча абанын 21613 сынамы алынып текшерилди, анын ичинде: Бишкек шаары –15924, Кара-Балта шаары -1445, Ош шаары -1741, Токмок шаары –1470, Чолпон-Ата шаары –1033.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу байкоолордун саны 320 көбөйдү.

Радиоактивдүү булгануусу.

2018-жылдын 12 айы боюнча экспозициялык дозанын (радиациялык фон) кубаттуулугуна 7300 байкоо жүргүзүлдү; тармакка 1040 “Аба” телеграммасы келип түштү, радиациялык түшүүнүн 1460 сынамы алынды жана анализден өткөрүлдү, радиоактивдүүлүк боюнча 2138 өлчөө аткарылды.

Жер үстүндөгү суулардын булгануусун байкоо Чу дарыясында жана ага агып түшкөн сууларда жүргүзүлдү (4-10 суу объектиси). Бардыгы суунун 178 сынамы алынды жана 28 ингредиент боюнча 4861 анализ жүргүзүлдү.

ГЭФ ПРООН «Транс чек аралык кызматташууга жана Чу, Талас дарыяларынын бассейниндеги суу ресурстарын башкарууга көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында жер үстүндөгү суулардын булгануусун байкоо Чу, Талас, Кара-Балта дарыяларында жана аларга агып түшкөн сууларга жүргүзүлдү. 16 сынам алынды жана 17 ингредиент боюнча 335 анализ жүргүзүлдү.

KGZ-Суу/Ысык-Көл долбоорунун алкагында Ысык-Көл көлүнөн (16 створ боюнча) суунун 39 сынамы алынды, 16 ингредиент боюнча 663 анализ жүргүзүлдү.

Бардыгы суунун 233 сынамы алынды жана 5859 анализ жүргүзүлдү.

 Алдын ала коргоо иш-чараларын өткөрүү

КР ӨКМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (ӨКААжКЖД,Түштүк ӨКААжКЖД, “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” МА) коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2018-ж. Болжолдуу-планы түзүлүп, 198575,1 миң сом (2017-ж. — 216375,1 миң сом) өлчөмдөгү капиталдык салым каралган. Каралган акча каражатына 34 (2017-ж. — 36) обьектте жумуш аткаруу пландалган. Кошумча 63 (2017-ж. — 87) объект кошулуп, жалпысынан 97 (2017-ж.- 120) объектиде жумуш аткарылды.

2018-жылдын 12 айында 96 (2017-ж. – 120) объектте жумуш жүрүп, аткарылган жумуштун көлөмү 567,3 млн сомду (2017-ж. – 598,4 млн. сом) түзгөн.

01.01.2019-ж. карата аткарылган жумуштар 532248,0 миң сомго каржыланып, министрликке караштуу ишканалардын подряддык уюмдарга кредитордук карызы 11180,9 миң сомду, ал эми подряддык уюмдардын дебитордук карыздары 54601,3 миң сомду түздү.

2018-жылдын 12 айына карата республика боюнча  суммасы 541,1 млн. сомду түзгөн 72 объект пайдаланууга берилип, 18 644 метр дамба, 6 көпүрө, 1 селкана, эки 24 батирлүү үй курулуп, 1325 метр КДС,  7500 метр сел жүрүүчү сайды тазалоо жана 14850 м3 дарыянын нугун тазалоо иштери жүргүзүлгөн.  Жыйынтыгында: 14274 кожолук жана 15082 га айыл чарба аянттары, корголуп, сарпталган каражаттардын экономикалык натыйжалуулугу 10,6 эсеге жогору болгон.

КР ӨКМдин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2018-жылдагы Болжолдуу-планына 317 (2017-ж. -306) обьект киргизүү каралып жана жумушту аткарууга болжолдуу түрдө 98 832,0 миң сом (2017-ж. – 98832,0 миң сом)  каралган.

2018-жылдын 12 айынын ичинде республика боюнча 362 (2017-ж. – 466) обьектиде иш-чаралар жүргүзүлүп, 328 (2017-ж. -443) объектиде иш бүткөн, 22 (2017-ж. — 3) объектиде иштер улантылууда жана 12 (2017-ж. -20) обьектиде жумуш убактылуу токтоп турат.

             Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 9805 кожолук, 6388,5 га а/ч жерлери, 10 көп кабаттуу үй, 28 ички чарбалык көпүрө,  64,62 км ички чарбалык жол, 6 мектеп, 2 бала бакча, 1 ЛЭП, 4 ФАП, 5 көрүстөн, 2  китепкана, 1 дүкөн, 1 мончо, 30,5 га үлүш жер жана 5 мечит  корголду.

Жашылдандыруу долбоорунун чегинде 2018-жылга аткарыла турган иш-чаралардын мерчеминин долбоору иштелип чыгып, КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик Агенттиги менен долбоор макулдашылды.

2018-жылга “Жашылдандыруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдуу иш-чаралар планынын негизинде жалпы аянты 303 га түзгөн,  123 кооптуу жер тилкелерине 290 150 даана көчөт отургузуу жана 485 кг урук себүү пландалган.

Жогоруда аталган иш-планынын негизинде: 4 443 т/ж., 470 га жер аянттары, 5 бала бакча, 1 спорт зал, 1 көмүр базасы, 8 мектеп, 1 көпүрө, 2 мүрзө, 2 ФАП, 1 оорукана, 17 км канал, 8 соц.обьект, 1 стадион, 20 м. суу түтүктөрү, газ түтүктөрү, Бишкек-Торугарт автоунаа жолу корголот.

Республика боюнча жалпысынан 253,76 га  жер тилкесине 266196 даана көчөт отургузулду жана 277 кг урук себилди, анын ичинде:

— Баткен облусу – 54,7 га  жер тилкесине 4304 даана көчөт, 147 кг урук;

— Чүй облусу – 51,5 га  жер тилкесине 95340 даана көчөт;

— Ысык-Көл облусу –50,7 га  жер тилкесине 77 267 даана көчөт;

— Нарын облусу  — 21,1 га  жер тилкесине 21 900 даана көчөт;

— Талас облусу – 20,56 га  жер тилкесине 36700 даана көчөт;

— Жалал-Абад облусу – 14 га  жер тилкесине 8200 даана көчөт, 130 кг урук;

— Ош облусу – 39 га  жер тилкесине 21 285 даана көчөт;

— Ош шаары – 1,2 га жер тилкесине 700 даана көчөт;

— Бишкек шаары – 1 га  жер тилкесине 500 даана көчөт.

Калдык сактоочу жайлардын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чаралары.

Кыргыз Республикасынын аймагында 92 калдык сактоочу жайлары жана кен калдыктары жайгашкан, жалпы көлөмү 254 млн. м3. Анын ичинде, КР ӨКМге караштуу 33 калдык сактоочу жайлар (28 радиоактивдүү, 5 токсикалык) жана 25 радиоактивдүү кен калдыктары бар жана алардын жалпы көлөмү 11,9 млн. м3 түзөт. Анын ичинен калдыктардын курамы боюнча радиоактивдүү- 6,2 млн. м3 жана  токсикалык- 5,7 млн. м3.

2018-жылга калдык сактоочу жайларда жана кен калдыктарда авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу болжолдуу планына 7 000,0 миң. сом каралды. Каралган акча каражатына Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы жана Сумсар шаарчасындагы калдык сактоочу жайларда авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу мерчемделген.

2018-жылдын 12 айдын ичинде объектилердеги аткарылган авариялык-калыбына келтирүү жумуштарынын көлөмү 6261,2 миң сомду түздү, анын ичинен:

  • Майлуу-Суу шаарында 3684.2 миӊ сомду;
  • Сумсар шаарчасында 2577.0 миӊ сомду.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) алкагында (мурунку ЕврАзЭБ) 2013-жылы «Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программасын (мындан ары – Программа) ишке ашыруу башталган. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү 2013-2023-жж. (КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2016-жылдын 28-октябрындагы Чечимине ылайык).

Ушул Программаны ишке ашыруунун «координатору-жалдоочусу» болуп Россия Федерациясынын «Росатом» Мамкорпорациясы, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан «жалдоочу» болуп КР ӨКМ эсептелет.

Программанын алкагында, Кажы-Сай жана Миң-Куш («Туюк-Суу», «Талды-Булак», «Как», «Дальнее») шаарчаларынын аймактарында жайгашкан калдык сактоочу жайларын рекультивациялоого 2 070 509,51 миң россия рубли суммасында акча каражаты каралган, атап айтканда:

— Миӊ-Куш шаарчасындагы калдык сактоочу жайларына — 1 973 290,57 миң россия рубли;

— Кажы-Сай шаарчасындагы калдык сактоочу жайына- 97 218,94 миң россия рубли.

КР ушул Программага болгон мүчөлүк жалпы салымы 157 754,62 миң. россия рублин түзөт (КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин 2018-жылдын 2-ноябрындагы Чечимине ылайык).

Программанын экинчи этабынын алкагында “Кажы-Сай” калдык сактоочу жайын рекультивациялоо, “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайын көчүрүү үчүн даярдыктарды көрүү, “Дальнее” калдык сактоочу жайын консервациялоого даярдоо боюнча жумуштарды аткаруу үчүн, 2017-жылдын 25-сентябрында РФнын “Росатом” Мамкорпорациясы менен подряддык мекеме “Радиоактивдүү калдыктар менен иштөө боюнча ”РосРАО” Федеративдик мамлекеттик унитардык ишканасы (мындан ары – подряддык мекеме “РосРАО”) ортосунда №1/13441-Д мамлекеттик контракт түзүлгөн.

Мамлекеттик келишимде камтылган жумуштарды баштоо үчүн, подряддык мекеме “РосРАО” тарабынан, КР курулуш жана архитектура боюнча аймактык башкармалыктарынан уруксат берүүчү документтер алынды.

Кажы-Сай шаарчасындагы калдык сактоочу жайында негизги рекультивациялоо жумуштары аягына чыгып, Программанын координатору-жалдоочусу жана улуттук жалдоочусу (ӨКМ) тарабынан объектилерде макулдашылган кошумча көлөмдөгү бекемдөө жумуштарын аткарууга техникалык чечимдердин иш кагаздарын толуктоо боюнча жумуштар алып барылууда. Ал эми Миӊ-Куш шаарчасында курулуш-монтаждоо жумуштарынын биринчи этабы, башкача айтканда убактылуу имараттарды, технологиялык жолдорду куруу, калдык сактоочу жайды тосмо менен тосуу иш-чаралары аткарылууда.

Европалык комиссиянын алкагында КРнын 2016-жылдын 19-июлундагы №123 Мыйзамы менен ратификацияланган «KG 4.01/14: Майлуу-Суу шаарындагы уран өндүрүшүнүн мурунку объектилерин Курчап турган чөйрөгө таасирин комплекстүү баалоо (КЧКБ) жана Реабилитациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭН)» улуттук долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун бюджети 3 млн. 150 миң еврону түзөт.

Долбоордун максаты Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин комплекстүү баалоону жана Техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу аркылуу Майлуу-Суу шаарынын объектилери үчүн ремедиациялоо (рекультивациялоо) варианттарын аныктоого багытталган.

Долбоор 2017-жылдын сентябрь айында өткөрүлгөн тендердик конкурстун жыйынтыгында, Европа комиссиясы тарабынан тандалып алынган Консорциумдун лидери «Wisuteс» (Германия) компаниясы (подрядчик) ишке ашырууда.

2017-жылдын 22-ноябрында Бишкек шаарында долбоордун Баштапкы кеӊешмеси болуп өтүп, анда жумуштардын көлөмү көрсөтүлүп, тапшырмалар коюлган жана долбоордун Баштапкы отчету даярдалып, макулдашылган.

2018-жылдын январь айынан тартып декабрь айына чейин Консорциумунун эксперттери тарабынан, Майлуу-Суу шаарында топурактан жана суудан пробаларды алуу, инженердик сүрөттөргө тартуу, радиологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн, 17 жолу миссиясы ишке ашырылган. Учурда тиешелүү жумуштар алып барылууда.

«Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө алкактык макулдашуусун» аткаруу боюнча маалымат.

2017-жылдын 9-январында Бишкек шаарында КР Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосундагы Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө эки тараптуу алкактык макулдашууга кол коюлган. Алкактык макулдашуу КР 2017-жылдын 2-августундагы № 169 Мыйзамы менен ратификацияланган.

Экологиялык реабилитациялоо эсеби, Кыргыз Республикасында, Таджикистан Республикасында жана Өзбекистан Республикасында жайгашкан уран калдыктарын реабилитациялоо боюнча айкын долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык жардамдарды эффективдүү колдонуу үчүн, төгүмдөрдү жана донордук каражаттарды жыйноого багытталган.

Ар бир долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн, аларга мониторинг жүргүзүү жана координациялоо үчүн Долбоорду башкаруу тобу (ГУП) түзүлгөн. Долбоорду башкаруу тобунун штаты ЕРӨБнын эрежелерине жана “Борбордук Азия үчүн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча Кыргыз Республикасында операцияларды жүргүзүү жөнүндө” Алкактык макулдашууга ылайык, жалдоо келишими боюнча тартылган консультанттар жана ошондой эле талапка жооп берген адистер менен толукталат.

Долбоорду башкаруу тобуна (ГУП) консультанттарды тандап алуу максатында КР ӨКМдин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттик менен ЕРӨБ тарабынан консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча Техникалык тапшырма иштелип чыккан жана ЕРӨБ сайтына жайгаштырылган.

Өткөрүлгөн тендердик конкурстун жыйынтыгында жеӊүүчү аныкталып, 2018-жылдын декабрь айында жеӊүүчү компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, келишимге кол коюлду.

2018-жылдын 8-ноябрында Лондон шаарында (Великобритания) ЕРӨБ тарабынан түзүлгөн Экологиялык реабилитациялоо эсеби боюнча донорлордун конференциясы болуп өттү. Конференциянын жыйынтыгында, Европа Биримдиги жана Бельгия, АКШ, Швейцария, Норвегия жана Литва мамлекеттери тарабынан аталган Экологиялык реабилитациялоо эсепке финансылык каражаттарды бөлүп берүүсүн билдиришти (маалыматтар боюнча 17 млн. евро).

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2013-жылдын 20-декабрындагы № 68/218 «Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтарды алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө» Резолюциясын жаӊыртуу боюнча.

2013-жылы БУУнун БАнын №68/218 “Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтарды алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу жөнүндө” резолюциясы (мындан ары — Резолюция) кабыл алынып, кыска аралыкта уран объектилерин рекультивациялоо үчүн техникалык даярдыкта болууга, алардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоодо жана конкреттүү каржылоо механизмдерин түзүү боюнча олуттуу прогресске жетишти.

Борбордук Азияда уран калдыктары менен байланышкан экологиялык көйгөйлөргө дүйнөлүк шериктештиктердин көӊүлүн буруу жана ЕРӨБ тарабынан түзүлгөн Экологиялык реабилитациялоо эсепке донорлорду тартуу максатында, аталган Резолюцияны жаӊыртуу боюнча 2018-жылдын 17-майында Бишкек шаарында КР Өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын радиациялык коопсуздукту камсыздоо жаатында мамлекеттик жөнгө салуучу органдын жетекчилеринин, РФнын “Росатом” Мамлекеттик корпорациясынын, Европалык Парламенттин, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, чет мамлекеттердин КРдагы өкүлчүлүктөрүнүн, Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ), Европалык Биримдиктин жана ЕРӨБнын өкүлдөрүнүн катышуусунда жогорку деӊгээлде эл аралык конференция болуп өттү.

2018-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун БАнын 73-сессиясынын алкагында, КР Биринчи вице-премьер-министри К.А. Бороновдун жетекчилиги астында Резолюцияны жаӊыртууга арналган жогорку деӊгээлдеги иш-чарасы болуп өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Резолюциянын жаӊы редакциясынын долбоорун кабыл алуу чечими бир добуш менен кабыл алынды.

Резолюциянын жаӊы редакциясынын долбоору 2018-жылдын 21-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясында жактырылган.

 Кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү боюнча иш-чаралар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы “КР Жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн жана башка процесстердин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча туруктуу штабды түзүү жөнүндө” №435 токтомунун аткарылышын камсыз кылуу үчүн, адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында, КР Премьер-министри — Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча мекемелер аралык комиссиясынын төрагасынын буйрутмаларынын, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйруктарынын негизинде КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын артиллериялык жабдыктарын колдонуу менен КР тиешелүү министрликтеринин адистеринен турган ыкчам топтор (Өзгөчө кырдаалдар, Коргоо, Ички иштер, Саламаттык сактоо, Транспорт жана коммуникациялар), жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүп, жалпы  түшкөн кар көчкүнүн көлөмү 1 157 700 мтүздү.

Жарандык коргонуунун күчтөрүн жана калкты, башкаруу органдарын  өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү

2018-жылга карата Жарандык коргонуунун даярдык планы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Премьер–министри – республикалык  Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан 2018-жылдын 8-январында бекитилип жетекчиликке алынган Жарандык коргонуунун даярдык планынын жана КР ӨКМдин 2018-жылга карата Негизги иш-чаралар планынын (КР ӨКМдин 2018-ж. 29.01. №75 буйругу) негизинде, төмөндөгү окутуулар жана машыгуулар өткөрүлдү:

— 25-26-январында КР ӨКМдин БА башкармалыктары, бөлүмдөрү жана бөлүкчөлөрү менен “ЖК даярдыктын даражаларын киргизүүдө иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу” темада штабдык машыгуу өткөрүлдү;

— 21-22-февралында КРдин Премьер-министри- Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилигинин астында “КР ЖКМТ башкаруу органдарын жана ЖК күчтөрүнүн аракети” деген темада штабдык машыгуу өткөрүлдү.;

— 10-12 – апрель Кыргыз республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Кол башчысы – Президенттин жетекчилиги алдында “Коопсуздук 2018” атайын биргелешкен мобилизациялык командалык штабдык машыгуу өткөрүлдү;

  • 16-18.05.2018-ж. КРдин Премьер-министри — Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилигинин астында Жалал-Абад облусунда “Өзгөчө кырдаалдар коркунучу пайда болгондо жана катталганда ЖК башкаруу органдарын жана күчтөрүнүн аракети” деген темада команда штабдык машыгуу өткөрүлдү. Машыгуунун жыйынтыгында жабыркаган калкты коопсуз жайга көчүрүү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү иш-чаралары практика жүзүндө чагылдырылды.

Жогоруда өткөрүлгөн машыгуулардын жыйынтыгында бир катар жарандык коргонуунун кызматтары өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатып, усулдук-методикалык жардамдарды алышты.

Төмөндө аталган объектилердин Жарандык коргонуунун абалын комплекстүү текшерүү өткөрүлдү:

— 26-28-февралында Бишкек шаарынын Жарандык коргонуунун абалын комплекстүү текшерүү өткөрүлдү;

— 12-13-апрелинде КРдин Транспорт жана жолдор министрлигинин Жарандык коргонуунун абалын комплекстүү текшерүү өткөрүлдү;

— 24.04.2018-ж. Республикалык Эвакооргандарынын өкүлдөрү менен штабдык машыгуу өткөрүлүп бир катар жетекчилерге усулду методикалык жардамдарды алышты;

— 26-27-апрелинде КР Билим берүү жана илим министрлигинин Жарандык коргонуу абалына комплекстүү текшерүү өткөрүлдү;

— 6-8-июнь күндөрү Чүй облусунун Жарандык коргонуусунун абалы текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында келип чыккан кемчиликтер текшерүүнүн жүрүшүндө жоюлду;

— 20-21-сентябрында КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги- Жарандык коргонуунун  сууну коргоо кызматы жана өсүмдүктөрду жана жаныбарларды коргоо кызматтарына Жарандык коргонуу боюнча кызматтарына комплекстик текшерүү жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында: Жарандык коргонуунун абалдарына берилген баа “чектелүү даяр” деп табылган.

  • 24-26-октябрында КРдин Премьер-министри — Жарандык коргонуу башчысынын жетекчилигинин астында Нарын облусунда “Өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо Жарандык коргонуу башкаруу органдарынын жана кызматтарынын иш аракеттери (жер титирөө)” деген темада штабдык машыгуу өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук жана Бишкек, Ош шаарларынын башкармалыктарынын 2018-жылдын 12 айында жарандык коргонуу боюнча өткөрүлгөн машыгуулар төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн.

 

Башкармалыктардын

аталышы

Командалык-штабдык машыгуу Комплекстик райондук машыгуу Штабтык окуу Штабтык машыгуу Комплекстик машыгуу Обьектик машыгуу Атайын тактикалык машыгуу Комплекстик текшерүү Комплекстик окуу Иш -чаранын жалпы саны
ӨКМ Бишкек ш. башкармалыгы 1 24 174 2 24 5 21 25 276
 ӨКМ Ош ш. башкармалыгы 2 2 6 8 5 23
ӨКМ Чүй обл. башкармалыгы 1 1 14 2 21 18 12 36 21 126
ӨКМ Ош обл. башкармалыгы 7 1 4 16 7 6 4 6 2 53
ӨКМ Жалал-Абад обл. башкармалыгы 7 1 13 23 88 1 39 11 183
ӨКМ Ысык-Көл обл. башкармалыгы 1 1 16 17 14 16 53 118
ӨКМ Нарын обл. башкармалыгы 1 1 7 13 14 18 42 13 109
ӨКМ Талас обл. башкармалыгы 1 1 12 6 13 24 36 32 125
ӨКМ Баткен обл. башкармалыгы 19 5 16 45 41 91 13 97 1 328
Баардыгы 38 35 242 135 106 309 113 331 73 1341

 

КР ӨКМдин Жарандык коргонуунун аскерлерин жана күчтөрүн даярдоо.

2018-жылы окуу 2 мезгилде жүргүзүлдү (кышкы жана жайкы).

 Кышкы окуу мезгилинин 8-январынан башталып, окуу мезгилинин ачылышына арналган салтанаттуу митингдер уюштурулуп өткөрүлдү.  Аскердик кызмат каралган министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүндө жогорку күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча бир жумалык жарыяланып, мобилизациялык жана күжүрмөн даярдыктын элементтерин камтыган тактика-саптык машыгуулар менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министри — Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан бекитилген Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарын, күчтөрүн даярдоо боюнча уюштуруу-усулдук көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМдин Борбордук аппаратынын, облустук, Бишкек, Ош шаардык башкармалыктарынын, ККББнын жана ЖКнын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун офицердик курамы менен КР ӨКМдин 2018-жылдын 16-январындагы №42 буйругу менен бекитилген программага ылайык ар айдын 4 күндөрү 9 сааттык командирдик даярдыктары өткөрүлүүдө. Баардыгы 1 окуу жылына 200 каралган, анын ичинде:

— 136 сааты  командирдик даярдык сабактары;

— 64 саат командирдик жыйын – штабдык машыгууларга жана  окууларга берилет.

2018-жылдын 12 айында командирдик даярдык боюнча жогоруда мерчемделген сабактар толугу менен өткөрүлдү.

Ошондой эле, КР ӨКМдин аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгы КР ӨКМдин 2016-жылдын 14-январындагы № 26 буйругу менен бекитилген КР Жарандык коргонуу аскерлеринин күжүрмөн даярдык программасына ылайык уюштурулууда. Бул программа боюнча окуу мезгилине 240 саат каралган.

2018-жылдын 12 айында 240 саат күжүрмөн даярдык сабагы уюштурулуп өткөрүлдү. Ал эми, КР ӨКМдин өрткө-каршы куткаруу бөлүктөрү жана куткаруу кызматтарынын өздүк курамы КР ӨКМдин 2017-ж. 11-октябрындагы № 1184 буйругу менен бекитилген “КР ӨКМдин өрткө-каршы куткаруу бөлүктөрү жана куткаруу кызматтарынын өздүк курамын даярдоо программасына” ылайык жүргүзүлүүдө.

2018-жылдын 12 айынын ичинде коомдук мамлекеттик даярдык, тарбия иштери жана укуктук тартип сабактарын өткөрүү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын 2014-жылдын 12-декабрындагы №336 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн жана аскерлештирилген мекемелеринде жалпы мамлекеттик даярдыкты, тарбиялык иш-чаралар жана укуктук тартип иш-чараларын жакшыртуу боюнча нускамасын” жектекчиликке алуу менен 2017-жылдын 17-январында КР ӨКМ тарабынан бекитилген 2018-жылга Таалим тарбия иш-чаралар мерчеминин негизинде уюштурулууда.

Андан тышкары, КР ӨКМдин Бишкек, Ош шаардык жана облустук башкармалыктарынын башчыларынын орун басарлары менен  КР ӨКМдин 2018-жылдын  24-сентябрындагы №1019 буйругуна ылайык түштүк аймагында РӨКОнун базасында 25-27-сентябрында ал эми түндүк аймагында КМДБнын базысында 3-5-октябрында  усулдук окуу жыйындары өткөрүлдү.

2019-жылга КР ӨКМдин Негизги иш-чаралар планы иштелип чыгып 2018-жылдын 31-декабрындагы №1418 буйругу менен бекитилди.

2019-жылга Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун планы иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун башчысы – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен 2018-жылдын 25-декабрында бекитилип, КР ӨКМдин бөлүктөрүнө жеткирилди.

 Жарандык коргоо адистерин жана калкты окутуу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри — Жарандык коргонуу башчысы тарабынан бекитилген, КР ӨКМдин алдындагы  Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо 2018-жылдагы планын негизинде, бардык категориялар менен окутуу жүргүзүлдү.

2018-жылдын 12 айынын ичинде 33878 (2017-ж. – 35628) жарандар окутулду.

Суучулдар ишинин иш-чалары

2018-жылдын башынан тартып “сууда куткаруу иши” боюнча пансионаттардын жана эс алуу үйлөрдүн кызматкерлери (куткаруучулары ) үчүн жаңы окуу планы жана окутуу программасы каралып чыкты. Ошондой эле 2018-жылга карата куткаруучуларды даярдоого окуучулардын санын берүү боюнча пансионаттар жана эс алуу үйлөрүнө 62 кат  даярдалып таркатылды. Бишкек шаарынын бассейндерине кат таратылып, “Ала-Тоо”, “Пристань”, “Радуга”, “Сан-Сити” пансионаттары менен кызматташуу келишими түзүлүдү. Окуу 2018-жылдын февраль айынан тартып Бишкек шаарында, 21-майдан баштап Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлүп жатат. Бүгүнкү күнгө Бишкек шаары жана Чүй обл. 57 сууда куткаруучусу Аламүдүн районунун Ленин айлыныдагы КР ӨКМдин Аскер шаарчасында, ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы Суучулдар кызматынын Окутуу-машыктыруучу борборунда 141 адам окутулду. Жалпы саны 198 адам.

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы “КР ӨКМдин Суучулдар кызматы жөнүндө” №13 токтомун аткаруу максатында суучулдардын ыкчам-маневр тобун түзүү үчүн штаттык уюштуруу иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө КР ӨКМдин Кадр жана мобилизация иштер башкармалыгынын кароосунда.

КР Өкмөтүнүн № 466  токтомун аткаруу үчүн жана  «Турсезон- 2018»  даярдык көрүү максатында КР ӨКМдин 2018-жылдын 31-январындагы № 91 буйругу менен аталган токтомду ишке ашыруу боюнча планы бектилди.

КР ӨКМдин облустук башкармалыктары менен биргеликте сууга түшүү мезгилинде бөөдө кырсыктарды алдын алуу максатында республиканын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында жайгашкан бассейндерге жана массалык сууга түшүүчү жайларына инвентаризация жүргүзүлдү.

КР ӨКМдин 2018-жылдын 11-июнундагы №571 буйругун менен Аталган иш-чара аткарылды. Суучулдар кызматынын 7 кызматкери, КР ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын 10 кызматкери Нарын облусунун Жумгал районундагы Ак-Көл көлүнө 2018-жылдын 19-июнунан 27-июнуна чейин машыктыруучу чумкууларды уюштуруп өткөрүштү.

 КР ӨКМдин 2018-жылдын 15-сентябрындагы №969 буйругу менен Суучулдар кызматынын 6 кызматкери, КР ӨКМдин Нарын облустук башармалыгынын 5 кызматкери Нарын облусунун Жумгал районундагы Соң-Көл көлүнө 2018-жылдын 16-сентябрынан 23-сентябрына чейин машыктыруучу чумкууларды уюштуруп өткөрүштү.

 Мындан тышкары татаал шарттарда суучул чумкууларды  жүргүзүү багытында КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн – 10, Кара-Балта-3, КДМБнын-25, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан-6, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын-13, РӨКОнун-9, Суучулдар кызматынын-18,  Нарын облусунун башкармалыгынан -10  кызматкерлери окуудан өтүштү. Жалпы саны — 94 адам.

Бирдиктүү маалымат-башкаруу тутумунун компонентин

өнүктүрүү иш-чаралары

Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору 2018-жылда Бирдиктүү маалымат башкаруу тутумунун (БМБТ) ушул убакытка чейин жасалган жумуштарын жана республиканын калган аймактарына жайылтууну улантат.

Бирдиктүү маалыматтык башкаруу тутумунун компоненттерин үчүнчү этабын өнүктүрүү боюнча Япония Өкмөтүнөн жана Эл аралык банкы тарабынан акча каражат бөлүнгөн.

2018-жылдын 12 айында  республиканын аймагында 60 электр сиреналары орнотулган,  анын ичинен: Жалал-Абад облусу-5, Чуй облусу-24, Ысык-Көл облусу-9, Бишкек шаары-16, Ош шаары-6.

Андан сырткары,  102 автоматташтырылган жумушчу орундарын (АРМ) орнотулган, анын ичинен: Жалал-Абад облусуна-30, Чуй облусуна-22, Нарын облусуна-18, Талас облусуна-12, Ысык-Көл облусуна-14, Бишкек шаарына-3, Ош шаарына-3.

 КР ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору тарабынан автоунааларды маниторинг жүргүзүү системасынын программасын жаңыланып жана түзүмдүк бөлүктөргө борборлоштуруп GPS-трекерлерине SIM-карталарды алып берүү иш-чаралары аткарылып жатат. Борбордун адистери тарабынан түзүмдүк бөлүктөрдүн автоунааларына GPS-трекерлерди орнотуу, иштетүү иш-чаралары жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө 354 автоунаага коюлган GPS-трекерлеринин ичинен 199 GPS-трекерлери толук кандуу иштеп жатат, GPS-трекерлерин кайрадан программалоо иштери жүргүзүлүп, аягында жакшы натыйжа көрсөтүп жатат.

2018-жылдын 12 айында кезметтеги радио операторунун сүйлөшүү  таблицасына радио берүүлөрүнө жараша жаңы ачкычтары киргизип, КР КК БШнын радио түйүндө радио машыгууга 49 жолу катышып машыгууда КР ӨКМге берилген тапшырмалары аткарылып байланыштын сапаты текшерилди.

2018-жылдын 12 айдын ичинде КР ӨКМдин ККББнын байланыш бөлүмүнүн адистери ЖЧК “Акация-Электроникс” менен чогуу Бишкек ш. жана Чуй облусундагы объектилеринде Danpoint HF BASE DMX-2100 жана Danpoint HF Mobile DMX-1100 кыска толкундуу радио жабдууларын толук 8 комплектти техникалык экспертизаны жүргүздү.

2018-жылдын 12 айында 112 — Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына жалпысынан 3108911 (2017-ж. –3134352)  чалуулар келип түштү, алардын ичинен 1307735  чалуусу жалган болгон, 41650 чалуу тастыкталган, 30660 чалууга кеңеш берилген. 2018-жылдын 12 айына салыштырмалуу 0,8 %га аз чалуулар келип түштү.

 

 

 

 

 

 

 

 

Жалпы чалуулардын саны Ачылбаган карточкалар Ачылган   карточкалар Максатсыз чалуулар Максаттуу чалуулар Кенеш берүү 101 102 103 Куткаруу кызматы мэрия ЫНКБ Гендердик кору боюнча
Бишкек 1276546 739125 537421 517405 20016 13699 95 393 232 26 773 68 30
Ош 1832365 1020401 811964 790330 21634 16961 85 185 879 25 91 47 1
Бардыгы 3108911 1759526 1349385 1307735 41650 30660 80 578 111 51 464 15 91

112-тутумун колдонуу менен маалыматты калкка массалык маалымат каражаттары аркылуу дайыма жеткирилип турат.

112-тутумунун нөөмөт-диспетчердик кызматына гендердик кордук боюнча 191 (2017-ж. -169) чалуулар келип түшкөн, анын ичинен: 143 аялдарга, 1 эркектерге көрсөтүлгөн гендердик кордук боюнча , жаш балдарга көрсөтүлгөн кордук-47.

2017-жылдын март айында КР ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жана демократиялык процесстердин изилдөө борбору, UNRPA менен биргеликте 112-тутумунун кызматынын нөөмөт диспетчердин гендердик кордук көрсөтүлгөн учурларда адамдарга жардам көрсөтүү эстеткичи түзүлдү.

Ошондой эле, Геомаалыматтык системалар бөлүмүнүн адистери тарабынан электрондук карталардын бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү боюнча, ArcGis программасы менен АИУСке жаңы катмарларды түзүү боюнча жумуштар алып барылууда. Ачык жана жабык каналдары боюнча видеоконференциялык байланыш менен камсыздоо жүргүзүлүүдө.

 Эл аралык кызматташтык

  Министрликтин алдына коюлган эл аралык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү  маселелерди ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

2018-жылдын март айында Катар мамлекетинин Доха шаарында КР ӨК министри баштаган делегация Жарандык коргонуунун эл аралык уюмунун Генералдык Ассамблеясынын 23-сессиясына, Аткаруу Кеңешинин 51-сессиясына катышып келишти. Иш-чаралардын жүрүшүндө административдик жана финансылык маселелер, аткарылган иштер жана 2019-2020-жылдарга пландаштырылган иш-чаралар талкууланган. Ошондой эле, Аткаруу комитеттин курамы түзүлгөн, жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Уюмдагы мүчөлүгү 2022-жылга чейин узартылган. Иш-чаранын алкагында, мурдагы КР ӨК министри К.А.Боронов менен Катар мамлекетинин Премьер-министри – ички иштер министри Абдулла бин Нассердин 2 тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулоо максатында  жолугушуусу өткөн.

2018-жылдын 26-27-апрелинде Алматы шаарында “Борбор Азия + Япония” диалогунун алкагында трансчек аралык жана ири масштабдуу кырсыктардын пайда болуу коркунучун алдын алуу максатында аймактык кызматташууну күчөтүү үчүн Борбор Азиянын өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун жетекчилеринин кеңешмеси – Регионалдык форум болуп өттү. Бул иш-чаранын жүрүшүндө Регионалдык форум жөнүндө Жобо, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу, кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү жаатында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташуусун күчөтүүнүн алкактык негиздери жана башка бир катар иш кагаздар каралып, жактырылды.

Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу “Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” долбоору. Долбоор сектор аралык болуп эсептелинет, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен башка, Билим берүү жана илим министрлигин жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын камтыйт. Долбоордун ишке ашыруусунун координациясы КР ӨКМге берилген. Долбоордун практикалык ишке ашыруусун баштоонун алдында, расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тараптар бир чечимге келишип Протоколго кол коюшкан. КРдин расмий делегациясынын курамы КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги №129 буйругу менен жактырылган.

Азыркы күндө долбоордун иш-чараларын ишке ашыруу боюнча практикалык жумуштар жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, долбоорду каржылоо жөнүндө негизги Макулдашууну ратификациялоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

2018-жылдын 18-майында Бишкек шаарында КР ӨКМдин жана Казакстан Республикасынын ИИМинин өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин  коллегияларынын 4-биргелешкен отуруму болуп өттү. Отурумдун алкагында чек аралаш кызматташтыкты жакшыртуу маселелри каралып, аларды чечүү жолдору кабыл алынган. Жыйынтыгында отурумдун Протоколуна кол коюлган жана кезектеги КР ӨКМдин жана Казакстан Республикасынын ИИМинин ӨКК  коллегияларынын 5-биргелешкен отурумун 2020-жылы Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын ӨКМинин 2018-жылдын 2-июлундагы № 649 буйругуна ылайык 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыгы өткөрүлдү.

2018-жылдын 12-сентябрында Алматы шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишимдерди Уюштуруунун (ЖККУ) өзгөчө кырдаалдар боюнча мүчө – өлкөлөрдүн Координациялык кеңешинин (ӨККК) 11- отурумуна КР ӨК министринин орун басары полковник К.О.Ахматов баштаган делегация катышты. ЖККУ ӨККК тарабынан 2019-жылга иш-чаралар Планы каралып чыгып бекитилди, ошондой эле 2019-жылга ЖККУ ӨККК төрагасы катары КР ӨК министри Н.С.Мирзахмедов шайланды.

Отурумдун жыйынтыгында Протоколго кол коюлду жана кыргыз тараптын 2019-жылы ЖККУнун өзгөчө кырдаалдар боюнча мүчө – өлкөлөрдүн Координациялык кеңешинин кезектеги 12-отурумун Кыргыз Республикасында өткөрүү жөнүндө сунушу колдоо тапты.

Ошондой эле, эл аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелеринин эң негизги багыттарынын бири – эл аралык уюмдар менен биргеликте табигый кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу.

Азыркы учурда Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда.

Долбоор мониторинг жүргүзүү, кар көчкү, кабарландыруу багытындагы иш-чараларды камтыйт. Өтчеттук мезгил ичинде Министрликтин өрт-куткаруу кызматтары үчүн 22 бирдик ПИКАП автоунаалары жана тиешелүү куткаруу жабдыктары жеткирилип берилди. Аталган автоунааларды Министрликтин тиешелүү өрт-куткаруу бөлүмдөрүнө 2018-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин катышуусу менен салтанаттуу түрдө бөлүнүп берилди.

Долбоордун алкагында Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кошумча райондорунда калкты маалымдоо жана билдирүү жалпы мамлекеттик комплекстүү системасын түзүү үчүн аппараттык-программалык комплекси сатып алынган, тиешелүү жер-жерлерде комплексти орнотуу боюнча жумуштар жүргүзүлдү. Мындан сырткары, долбоордун алкагында Долон (Нарын району) жана Рават (Чаткал району) ашууларында кар көчкү станцияларын куруу боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.

Ошондой эле, Министрликтин алдында Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүн түзүү боюнча бир нече иштер аткарылган. 2018-жыл ичинде Долбоордун алкагында Бирдиктүү маалымат-башкаруу системасын өнүктүрүү жана куткаруу кызматынын потенциалын жогорулатуу жаатында иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары Министрликте бир нече башка долбоорлорду ишке ашыруу жүргүзүлүүдө:

— Дүйнөлүк Банктын «Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо» долбоорунун 2-фазасы. Биринчи фазасы быйылкы жылдын декабрь айында аяктайт. 2018-жылдын 28-майында  экинчи фазасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы менен Өнүктүрүү эл аралык ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы долбоорду кошумча каржылоо боюнча расмий сүйлөшүүлөр болуп өттү. 2018-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Борбордук Азиядагы гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө Макулдашууга кол коюлду. Азыркы күндө аталган Макулдашуунун расмий түрдө күчүнө кирүүсү үчүн тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө;

— Азия өнүктүрүү банкынын «Суу ресурстарынын тармагындагы кырсык тобокелдигин кыскартуу жана климаттын өзгөрүшүнө каршылашууну жогорулатуу» долбоору. Аталган долбоордун алкагында алдын ала коргоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн 100 бирдик инженердик техника сатып алуу каралган. Азыркы күндө аталган долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин отурумуна кароого киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө;

   — Россия Федерациясынын Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай коомдорунун эл аралык федерациясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүү боюнча потенциалын жогорулатуу» долбоору. Бул долбоор куткаруу техникаларын жана жабдыктарды алып берүүнү, азык-түлүк эмес запастар менен складдарды толтурууну караштырат. Бул долбоор азыркы учурда Россия Федерациясынын Финансы министрлигинде каралууда;

— (КОЙКА) Эл аралык кызматташтык боюнча Корея агенттигинин  «ӨКМдин өрт-куткаруучу бөлүмдөрүнүн потенциалын бекемдөө жолу менен калктын коопсуздугун жогорулатуу» долбоору. Аталган долбоор республиканын аймагында 4 ДЕПО курууну жана аларды толук жабдууну камтыйт. 2018-жылдын ноябрь айында Кореянын миссиясы болуп өттү. Миссиянын жүрүшүндө Корея тарап өрттөн куткаруу кызматынын имараттарынын курула турган жерлери, керектелүүчү жабдуулардын тизмеси  менен таанышышты. 2018-жылдын 31-декабрында КР ӨКМдин, КОЙКА жана БУУнун Өнүктүрүү Программасынын ортосунда биргелешкен долбоорду ишке ашыруу боюнча Макулдашууга кол коюлду;

  — Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен «Мобильный госпиталь» жана куткаруу техникаларын сатып алуу долбоору. Бул долбоордун алкагында сатылып алынуучу техникалардын тизмеси жана башка тиешелүү документтер азыркы убакта кытай тарап менен макулдашууну жүргүзүүдө;

  — ДИПЕКО-10 долбоорунун алкагында АКТЕД уюмунун “Ак-Суу жана Ходжа-Бакирган бассейндерде жаратылыш ресурстарын трансчек аралык интеграциялык башкаруу жолу менен табигый кырсыктардын тобокелдигин кыскартуу” долбоору. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Лейлек районунда 5 участокто суу жээктерин бекемдөө боюнча митигациялык жумуштар жүргүзүлдү. КР ӨКМ бул иш-чараларга тиешелүү габиондук сеткаларды бөлүп берди;

  — Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алкагында “Уран өндүрүшүнүн таасирине чалдыккан мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” Мамлекеттер аралык максаттуу программасы;

  — Европа биримдигинин “Орто Азиядагы бийик коркунучтагы уран аянтчаларын  рекультивациялоо жана башкаруу” долбоору.

Отчеттук мезгил ичинде профессионалдык тажрыйбаларын көтөрүү мүмкүнчүлүгүн берген чет мамлекеттик кызматтык иш сапарларга Министрликтин 221 (2017-ж.-181) адиси 114 (2017-ж.-97) эл аралык иш-чараларга катышуу үчүн жиберилген.

 КР ӨКМдин ишмердүүлүгүн массалык маалымат каражаттарында жайылтуу

Калктын табигый кырсыктарга каршы аракет кылуу потенциалын, кабардар болуусун жана билимдерин жогорулатуу максатында Министрлик тарабынан туруктуу негизде тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө. 2018-жылдын отчеттук мезгил ичинде 2780 макала  (2017-ж. — 2565) даярдалды. Бул макалалар үзгүлтүксүз ӨКМдин веб-сайтына www.mes.gov.kg жана министрликтин Facebook социалдык баракчасына жарыяланган. Алардын ичинен 517ден ашуун маалымат сюжети даярдалып алар үзгүлтүксүз республикалык жана облустук телерадиокомпаниялар аркылуу элге көрсөтүлгөн.

Республикасынын аймагындагы табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында өзгөчө кырдаалдардын бардык түрү боюнча 11 (2017-ж.-11) социалдык роликтер күнүнө үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турду, булар: “Кыш мезгилиндеги өрт коопсуздугу”, “Кар көчкү коркунучу” “Имараттагы өрт кырсыгынын коопсуздук эрежелери”, “Сел коркунучу”, “Жер көчкү коркунучу”, “112 кызматы”, “Жер титирөө коркунучу”, “Суудагы коопсуздук”, “Жай мезгилиндеги өрт коопсуздугу”, “Эламан” (сууда сүзүүнүн эрежелери), “Чагылгандан коргонуу”.

Жыл башынан бери радиого жалпысынан ӨКМдин тийштүү башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусу менен 415 (2017-ж. -391) чыгуу уюштурулган.

Мындан сырткары, газета жана журналдарга 197 (2017-ж.- 66) материал даярдалып  чыгарылды.

2018-жылдын 12 айында Министрлик тарабынан атайын ар жума сайын  10 минуталык көрсөтүүлөр даярдалган,  алар:

— “ЭлТР” Мамлекеттик  телекомпаниясында “Сак бол” программасы 60 (2017-ж.-50)  жолу  эфирге чыгарылган;

— “Пирамида” ТРКда «Илим, кырсык жана биз» (Наука, катаклизм и мы) көрсөтүүсү 43 жолу эфирден көрсөтүлдү;

— “Аян ТВ” каналында “Кырдаалдар кабарлайт” көрсөтүүсү 36 (2017-ж. -50) жолу эфирден чыкты;

— Атайын репортаждар – 16  (2017-ж.-9) жолу жасалды;

— Республикабыздагы телерадиоканалдардан түз эфирлер уюштурулуп, (КТКР, ЭлТР, Пирамида, 5 канал, НТС, ОшТВ , Сентябрь, Ынтымак, “11 канал”Ош ПИРИМ, Ала-Тоо 24 ж.б.), министрликтин кызматкерлери катышкан 322 түз эфирлер уюштурулду;

— пресс-конференция 9 жолу уюштурулду.

Ошондой эле, республикабыздын аймагында күтүлүп жаткан жана жолдордогу абал боюнча “КТРК”, “ЭлТР”, 5 канал, “МИР”, “Вести Бишкек”, “ОшТВ”, “2-канал”, “Ынтымак”, “11” ж.б. телеканалдары  аркылуу интервьюлар (комментарийлер) берилип жатты.

 Ченемдик укуктук ишмердүүлүк

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2018-жылдын 12 айы ичинде 24 укуктук ченемдик актылар кабыл алынды.

Министрликтер жана ведомстволор макулдашуу баскычында 13 ЧУА долбоорлору, КР Өкмөтүнүн кароосунда 4 ЧУА долбоорлору.

“Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу” жөнгө салуучулук реформа боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2015-ж. 12-январындагы №4 токтомун ишке ашыруу максатында, Министрлик ишкерлердин ишмердүүгүн жөнгө салган ЧУАга мониторинг жана инвентаризация жүргүзүп, жыйынтыгы менен министрликке тиешелүү 51 ченемдик укуктук актылар  Е-гелиьотина электрондук базасына киргизилди.

Анын ичинен 2017-жылга карата 4 ЧУАды долбоорлоо пландалган, алар:

— КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 16-октябрындагы №650 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өрт көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун долбоору”. (Аталган долбоор КР Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан берилген сын-пикирлерди эске алуу менен 2018-жылдын 19-декабрындагы №02-4/8095 каты менен министрликтер жана ведомстволор менен макулдашууга жөнөтүлгөн);

— КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-августундагы №466 “Кыргыз Республикасынын суу объекттеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө токтомуна” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун долбоору”.( 2018-ж. 5-январында №2 КР Өкмөтүнүн токтому менен кабыл алынды);

— “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын жаатындагы ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-чара алып баруу. (Белгилей кетсек, долбоорлоонун бирден-бир максаты Республикада жеке куткаруу кызматтарын ачыш үчүн аларга тиешелүү талаптарды жана критерийлерди иштеп чыгуу болуп саналат. Бүгүнкү күндө тиешелүү ЧУАга талдоо жүргүзүү, статистикаларды чогултуу жана эл аралык практикаларды изилдөө жана байкоо иш-чараларынын жыйынтыгы менен министрликтер жана ведомстволор макулдашуу баскычында);

КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы №368Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому, аталган токтом 2017-жылдын 10-августунда №23-31253 министрликтерге макулдашууга жөнөтүлгөн, бирок Юстиция министрлиги тарабынан пиротехникалык буюмдарды жок кылуучу органды аныктоо талап кылынган.

    Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-жылдын 3-апрелиндеги №302 “Ведомстволук план жөнүндө” буйругунун негизинде, “Эл аралык ыкчам жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча министрликтин планы бекитилген. Планга ылайык  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 4 токтом долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү каралган.

КР Юстиция министрлигинин алдындагы КР ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча комиссиясынын алкагында Министрлик тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат жана ага ылайык Комиссиянын 2018-жылга бекитилген Планына төмөндөгү 2 долбоор киргизилген, алар:

— КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 “КР ӨКМге караштуу Авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасынын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтомуна” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун долбоору”;

— КР “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамынын долбоору.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин            2019-жылга  милдеттери:

  1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы укуктук ченемдик базаны өнүктүрүү;
  2. Коркунучтуу табигый процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жана божомолдоо системасын өнүктүрүү;
  3. Жер-жерлерде өрт-куткаруучу кызматтарды түзүү боюнча иштерди улантуу;
  4. Коргоочу иш-чараларды өткөрүү;
  5. Техникалык потенциалын күчөтүү;
  6. Кризистик жана өзгөчө кырдаалдардагы бирдиктүү маалымат-башкаруу тутумунун компонентин өнүктүрүү.

Print Friendly, PDF & Email

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.